УКМК: Тажикстандан 2 млн 750 миң долларды мыйзамсыз алып өтүүгө шектелгендер кармалды

Сүрөт: УКМК

Баткенде ири суммадагы акча каражатын Тажикстандан мыйзамсыз алып өтүүгө шектелген төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында экономикалык контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн. Анда аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү болгон 41 жаштагы тургундун «Мерседес-Бенц» унаасы токтотулган.

Аны тинтүү учурунда желим баштыктарга таңгакталган 2 млн 750 миң АКШ доллары табылган. УКМКдан ал коңшу Тажикстандан контрабандалык жол менен алып келингенин белгилешти.

Сүрөт: УКМК

Учурда аталган факты боюнча «Экономикалык контрабанда» беренеси менен кылмыш иши козголду. Буга тиешеси бар делген 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Өткөн жылдын майында Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкандан бери аткезчилик фактылары катталып келет.

Мындан улам башында жергиликтүүлөр элдик кошуундарды түзүп, эки өлкөнүн ортосунда аткез жүк ташыгандарды кармай башташкан. Ошондой эле бийликтен көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылып келишет.