Ошто төрт эркек киши 15 жашар кызды ала качып баратканда кармалды

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош шаарында төрт киши жашы жете элек кызды ала качууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 18-октябрь саат 22:00 чамасында Масалиев проспекти менен Зайнабетдинов көчөсүнүн кесилишинде катталган. Анда төрт киши 2007-жылы туулган кызды ала качып баратканда кармалган.

Кызды мажбурлап никеге тургузууну көздөгөн адам 27 жашта болгон. Ал эми анын шериктери 36 жана 37 жаштардагы кишилер.

Учурда «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал эми төрт шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 20-октябрда Ош шаардык соту алардын бөгөт чарасын карайт.

Тергөө иштери уланып жатат.

Кыргызстандагы ала качуу

Кыргызстанда кыздарды ала качып, никеге турууга мажбурлашат. Иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

2021-жылдын апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи