Президенттин өкүлү АКШнын аскердик делегациясы Баткенге эмне үчүн барганын айтты

АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана талдоо боюнча директору Роберт Ангер Ош жана Баткен облустарына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов парламенттин 20-октябрдагы жыйынында билдирди.

Алсак, Абытов ушул эле жыйында «АКШнын аскердик делегациясы» Кыргызстанга эмнеге келгенин сурап кызыккан депутат Адахан Мадумаровдун суроосуна жооп берди.

Абытов ӨКМдин маалыматына таянып, Ангердин иш сапарынын максаты — аскердик кызматташуу эмес деп ишендирди. Абытовдун айтымында, Ангердин иш сапары 16 октябрдан тартып 18-октябрга чейин созулган.

«Ангер Баткен облусунда Кыргызстандын өзгөчө кырдаал министринин орун басары Урматбек Шамырканов менен жолугушту. Жолугушууда ал кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардын жүрүшү, ӨКМдин ишмердүүлүгү жана адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайлары менен таанышты», — деп айтты Абытов.

Абытовдун айтымында, ӨКМ Ангердин келишин Куткаруу кызматына техникалык жардам алуу кызыкчылыгында карап жатканын белгиледи.

«АКШнын борбордук командачылыгы Кыргызстандын ӨКМи менен 30 жылдан бери, анын ичинде жер титирөөлөрдү жоюу багытында кызматташып келе жатканын билдиребиз. Бул кызматташтык аскердик мүнөзгө ээ эмес», — деди Абытов.

Буга чейин Адахан Мадумаров америкалык аскердик делегацияны коргоо министринин орун басарлары тосуп алганын кабарлаган.

«Чоң иш чаралар өтүп жатат. Эгемен өлкөгө, болгондо да кошуна мамлекет менен кырдаал ушундай болуп жатканда — бул болуп көрбөгөндөй жорук. Биз ЖККУга мүчөбүз. Мына, бүгүн-эртең Санкт-Петербургда жыйыны болот. Биз өнөктөш катарында түшүнүксүз маселе болуп жатат. АКШ менен аскердик кызматташуу жөнүндө келишимибиз жок. Анын долбоору да жок, ал Жогорку Кеңеш тарабынан [маселе] каралган дагы эмес. Кантип аскердик делегация келип калды? Ким чакырды? Кимдер менен кызматташып жатат? Кандай макамда келди? Мына ушул боюнча ким болсо ошол кечке чейин жооп берип койсун», — деп нааразы болгон депутат.