Ташиев жарандарды чек арада абалды курчутуп жиберүүчү ойлонулбаган сөздөрдү айтпоого чакырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жарандарды кыргыз-тажик чек арасындагы абалды курчутушу мүмкүн болгон ойлонулбаган пикирлерди айтпоого чакырды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ташиев 21-октябрда Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Баткен облусунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын башчылары менен кеңешме өткөрдү.

Чек ара кызматынан кеңешмеде УКМКнын төрагасы кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдарга жол бербөө үчүн абалды турукташтыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгилегенин айтышты.

«Чек ара маселеси эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына тийиштүү. Аткаминерлер жана жөнөкөй жарандар чек арадагы абалды курчутуп жиберүүчү ойлонулбаган сөздөрдү айтпашы керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык, туруктуулук жана эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү керек», — деп жазды Ташиевдин айткандарын мекеме.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Ташиев Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен кызматташууну күчөтүүнү жана бекемдөөнү тапшырды.

«Сиздер чек ара ведомстволору, компетенттүү жана укук коргоо органдары менен биргеликте жаралып жаткан маселелерди кечиктирбестен чечип турушуңуздар керек», — деди ал.

Ташиев күч түзүмдөрүнүн жана Баткен облусунда мамлекеттик органдардын жетекчилери кабыл алынган чечимдер аткарылбаганы үчүн жеке жоопкерчилик тартышарын белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптоодо.

Дагы окуңуз: Тилекмат Күрөңов: Ташиев Кемпир-Абад боюнча жолугушууга келгендерди коркутуп кемсинтти