Токтогазиева: «Соттор ар бир президенттин колунда мыйзамдуу террордун куралы болуп келет»

Сания Токтогазиева

Конституциялык мыйзам боюнча эксперт жана юрист Сания Токтогазиева соттордун саясатчылар менен активисттерге карата 2 айга камакка алуу чечимин сындады. 23-октябрда Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккан саясатчылар жана активисттер баштаган 21 киши кармалган болчу.

Токтогазиеванын айтымында, Кыргызстандагы соттор системалуу түрдө мыйзамдарды бузуп келишет.

«Алар одоно процессуалдык бузууларга көз жумуп коюшат, ал эми мындай учурлардагы соттордун негиздүүлүк жана пропорционалдык принциптерин сактоого карата түздөн-түз милдеттери жөнүндө унчукпай эле коёюн. Ушунча жылдан бери сотторубуз системалуу түрдө кыргыз мыйзамдарын бузуп келишти. Алар коррупцияга, принципсиздикке жана укуктук башаламандыкка чөгүп кетишти», – деп жазды Токтогазиева.

Ошондой эле соттор Кыргызстанда Конституцияны жана мыйзамдуулукту кепилдегендин ордуна, аларды бузуунун булагы болуп калганын билдирди.

«Алар 30 жылдан бери ар бир президенттин жана күч түзүмдөрүнүн колунда мыйзамдуу террордун куралына айлануудан башка эч нерсе кылбай келишет. Уят!» – деди юрист.

Активисттерди кармоо

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен. Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышкан. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырган.

Биринчи май райондук сотунда 25-октябрга караган түнү кармалган саясатчылардын жана активисттердин баш коргоо чарасы каралды. Сот таң атканча уланып, дээрлик бардык кармалгандар «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен эки айга камакка алынды.

Соттун чечими менен 20-декабрга чейин абакта калтырылгандардын тизмеси:

Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду 23-декабрга чейин, активист Улукбек Маматаевди 22-декабрга чейин, ал эми укук коргоочу Рита Карасартованы 21-декабрга чейин камакта калтырды. Кармалгандардын баары Бишкектин СИЗО-1де камакта болот.