Сокулук: 15 жаштагы кызды турмушка берген кудалар жазага тартылды

Иллюстративдик сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районунда 15 жаштагы кыз менен 17 жаштагы жигитти үйлөндүргөн ата-энелер бир жарым жылдык пробациялык мөөнөткө кесилди. Бул тууралуу Соттук актылар порталына жарыяланды.

Ата-энелер «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Сотко Сокулук райондук балдарды коргоо бөлүмүнүн социалдык кызматкерлери кайрылган.

Кыздын атасынын айтымында, кызы 9-классты аяктагандан кийин жигиттин атасы колун сурап келген. Андан соң 2021-жылдын августунда Сокулуктун бир айылындагы мечитке даваатка келген бейтааныш адамды чакырып, нике кыйдырышкан. 2022-жылы жаштар балалуу болушкан.

Кыздын ата-энеси соттук отурумда күнөөсүн толугу менен моюндашкан.

«Кызым күйөө балам менен сүйлөшүп жүргөн. Ал учурда жашы жете электерге баш кошууга тыюу салынганын билгем. Бирок кызым турмушка чыгууга каршы болгон эмес», — деп айткан атасы.

Жигиттин атасы уулунун үйлөнүшүнө каршылык көрсөтпөй, кудалыкка өзү барганын моюндаган.

Сокулук райондук соту үч айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучулар күнөөлөрүн толук мойнуна алганы үчүн сот аларга 1 жыл 6 ай сыноо мөөнөтүн белгилеп, эркинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотту.

Кылмыш жаза кодексине 2016-жылы жашы жете электер менен никеге турууга, диний каада жүргүзүүгө тыюу салган жаңы берене киргизилген.

Эксперттердин пикиринде, андан бери расмий статистика жашы жете электер менен никелешүү фактыларынын азайганын көрсөткөнү менен, реалдуу көрүнүш башка деп эсептешет.