Өзгөн районунун тургуну Акыл Айтбаев эки айга камалды

Өзгөн районунун тургуну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 25-октябрда Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Айтбаев сотто «биз чыдайбыз, силер катуу туруп Кемпир-Абадды сактап калгыла» деп билдирди.

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Активист жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

Ал эми жапырт кармалгандардын дээрлик баары эки айга камакка алынды. Жарандык коом бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды