Болот Темиров кыргызстандыктардан «бийликтин өз билемдигине» каршы күрөштө колдоону суранды

Свердлов райондук соту 28-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча өкүм чыгарышы керек. Бул тууралуу ал Temirov Live ютуб каналында билдирди.

Анын айтымында, бул күнү ал акыркы сөзүн айтат. Журналист кыргызстандыктардан «бийликтин өз билемдигине» каршы күрөштө колдоону суранды.

Ал тек гана жарандар колдоо көрсөтүп жаткандыктан сот өкүмдү создуктуруп жатканын белгиледи.

«Бул жөн эле өкүм эмес, бийлик жана алардын жан жөкөрлөрү мага жана менин командама каршы жасап келген мыйзамсыздыктарынын жеңиши болорун баары жакшы түшүнүп турат. Бул деген колунда бийлиги барлар каалаган адамга көө жаап, камап сала алат дегенди билдире баштайт. Менин менен болуп жаткандын баары ар бир кыргызстандыктын башына тийиши мүмкүн», — деди ал.

Темиров «бийликтин өз билемдиги» үчүн курулган системага каршы күрөшөрүн кошумчалады.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Эки күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган. Кийинчерээк Темировго карата дагы үч кылмыш иши козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Next TVнын директору Дүйшенбиев 5 жылга соттолуп, пробация менен сот залында бошотулду

Мамкаттоонун кызматкерлери Болот Темиров паспортун мыйзамдуу алганын билдиришти