Баткен: Ишкерлерге 217 млн сомдон ашуун жеңилдетилген насыя берилди

Баткен облусундагы ишкерлерге 217 млн 270 миң сом насыя берилди. Бул тууралуу финансы минситрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, «Айыл банк» аркылуу жалпы 305 арыз канааттандырылган.

«Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат», — деп белгилешти министрликтен.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен элин колдоого жана турак-жайларды калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 миллион сом которулганы айтылган. Ал эми чек арадагы аймактарга 110 миллион сом бөлүнгөн.

Ал эми жабыркагандарга ыктыярдуу көмөк көрсөтүү үчүн ачылган эсепке элден 327 миллион сом түшкөн — анын 84 миллиону баткендиктерге которулган.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптаган. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, куралдуу жаңжалдын кесепетинен 63 кыргыз жараны мерт кетти. Ошондой эле жабыркаган кыргызстандыктардын саны 206ны түздү.

Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 136 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сом деп бааланды.

Учурда үйсүз калган баткендиктер туугандарыныкында, убактылуу чатырларда жана жабыркаган үйлөрүндө жашоого аргасыз болууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек арадагы жаңжал: Кыргыз тарапка келтирилген чыгым 3 млрд сомдон ашык деп бааланды