Финансы министрлиги: Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 млн сом которулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен элин колдоого жана турак-жайларды калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 миллион сом которулду. Ал эми чек арадагы аймактарга 110 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Министрдин орун басары Руслан Сүйналиевдин айтымында, буга чейин куралдуу жаңжалда жабыркаган элге 1 миллиард сом бөлүнгөн.

«Быйыл Баткен облусуна бекитилген бюджет 4 миллиард 197 миллион сомду түзгөн. Сентябрь айынан тартып өнүктүрүү программасынын алкагында 500 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин буйругу менен капиталдык салымдардын көлөмү 3 миллирд сомго көбөйтүлгөн», — деди ал.

Ошондой эле Сүйналиев жабыркагандарга ыктыярдуу көмөк көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 327 миллион сом түшкөнүн кошумчалады. Анын айтымында, картажаттын 84 миллиону баткендиктерге которулду.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, куралдуу жаңжалдын кесепетинен 63 кыргыз жараны мерт кетти. Ошондой эле жабыркаган кыргызстандыктардын саны 206ны түздү.

Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 136 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сом деп бааланды.


Тема боюнча:

Баткен: Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган объекттердин тизмеси

Бир видео менен: Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыйраган Лейлектин айылдары