НПО жана «жумшак күч». Путин КМШнын атайын кызматтары менен кеңешмеде эмнелерди талкуулады?

Москвада 26-октябрь күнү КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 51-жыйыны өттү. Бул тууралуу РИА Новости сайты Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФКК) таянып жазды.

Ошол эле күнү делегация башчыларынын Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу өткөнү белгиленди.

«Жыйындын жүрүшүндө Шериктештиктин аймагында коомдук-саясий абалдын туруктуулугун бузуу үчүн “жумшак күч” куралдарын колдонуп жаткан чет өлкөлүк бейөкмөт коммерциялык эмес жагна жана эл аралык уюмдардын бузуку ишмердүүлүгүнө биргелешип каршы туруу боюнча кошумча чаралар иштелип чыкты. Кеңештин мүчөлөрү маалымат чөйрөсүндө биздин өлкөлөр үчүн коопсуздук коркунучтарынын өнүгүшүнө биргелешип берилген бааны жана прогнозду жактырышты», — деп билдирди ФКК.

Путин болсо жыйында дүйнөдө жана аймактык деңгээлде жаңжалдардын чыгуу потенциалы жогору бойдон калып жатканын белгиледи. Анын пикиринде, учурда жамааттык коопсуздук үчүн жаңы коркунучтар жана чакырыктар жаралууда.

«Шантаж, басым кылуу жана коркутуу тактикалары Шериктеш өлкөлөрдүн дээрлик бардык аймагында эбактан бери эле колдонулуп келет. Алсак, “түстүү революциялардын” сценарийлерин ишке ашыруу аракеттери токтобой келет, КМШнын бардык катышуучуларынын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурган улутчулдук жана экстремизм карталары активдүү колдонулуп жатат», — деп билдирди орус президенти.

КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин делегация башчылары. Сүрөт: КМШнын интернет порталы.

Ошондой эле кеңештин алдындагы жумушчу органдардын илимий-техникалык кызматташтык, баңги жана психотроптук заттарды эл аралык мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, маалыматтык коопсуздук, «чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын туруктуулукту бузуучу ишмердүүлүгүнө каршы туруу жана алдын ала тергөө тармагында» кызматташуу боюнча жыйындары өттү.

ФККнын маалыматында кеңештин делегация башчылары аягында жыйындын документине жана кеңештин КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдары жана атайын кызматтарынын түрдүү багыттарда кызматташтыгы боюнча чечимине кол коюшканы айтылат.

Коопсуздук органдардын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин кеңеши КМШ мамлекет башчыларынын Шериктештикке кирген мамлекеттердин атайын кызматтарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кеңешме органы болуп эсептелет.

КМШга төмөнкү мамлекеттер мүчө: Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстан.