«Бекем кучактадым!» Клара Сооронкулова СИЗО-1ден уулун туулган күнү менен куттуктады

Конституциялык соттун мурдагы судьясы жана укук коргоочу Клара Сооронкулова Бишкектеги СИЗО-1ден уулу Атаярга кат жазып, аны туулган күнү менен куттуктады. Катты укук коргоочу Динара Ашурахунова Фейсбук барагына жарыялады.

«Атаяр! Туулган күнүң менен куттутайм! Сен абдан акылдуу жана күчтүү баласың! Бекем турасың деген үмүттөмүн. Жакшы маанай жана ийгиликтериң менен колдоп турушуң абдан маанилүү. Ошондуктан бекем бол! Азамат бол! Бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана жакшы маанай каалайм. Бекем кучактадым!» — деп жазды Сооронкулова катта.

Клара Сооронкулова 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган башка активисттер жана саясатчылар менен бирге кармалган. Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ активисттерди жана саясатчыларды кылмыш жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен кармаган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган.

Биринчи май райондук соту 20-декабрга чейин камакта калтыргандар:

Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду 23-декабрга чейин, активист Улукбек Маматаевди 22-декабрга чейин, ал эми укук коргоочу Рита Карасартованы 21-декабрга чейин камакта калтырды.

Кармалгандардын баары Бишкектин СИЗО-1де камакта болот.

Активист Талант Эшалиевге да Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралышы керек болчу. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Эшалиев сотко инфарктка болуу абалында алып келинген.

Тема боюнча окуңуз:

Юрист Токтогазиева: Маданият министрлиги ыйгарым укугунан аша чаап «Азаттыкты» бөгөттөгөн

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды