Баткен: Элден түшкөн акчанын 138,4 млн сому жабыркагандарга кенемте катары таратылды

Баткендеги куралдуу жаңжалдан кийин эл чогулткан 330,75 млн сомдун 138,4 млн сому жабыркагандарга кенемте катары таратылып берилди. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 30-октябрда аталган облуста өткөргөн жыйында билдирди.

Жапаров жалпысынан Баткенге бөлүү пландалган 6-8 млрд сомдун 4,1 млрд сомго жакыны тиешелүү маморгандардын эсептерине түшкөнүн билдирди. Ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга 250 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Мындан сырткары «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган 3 млрд сомдун 1 млрд сому турак жайларды курууга, 300 млн сому жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого багытталганын кошумчалады.

Жапаров жыйын учурунда курулуш иштери жай жүрүп жатканын да белгиледи.

«Кечээ мен курулуш иштери кандай жүрүп жатканы менен тааныштым. Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз. Калыбына келтирүү иштеринен тышкары Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашырууну улантуу зарыл», — деди ал.

Мындан улам Жапаров тиешелүү кызматтарга калыбына келтирүү иштерин тездетүү тапшырмасын берди.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сом деп бааланды.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.

Автору: Акмарват Абдилла кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

40 күн. Баткенде чек ара жаңжалында курман болгондорго багышталып куран окулду

Чек арадагы жаңжал: Кыргыз тарапка келтирилген чыгым 3 млрд сомдон ашык деп бааланды