Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү жана укук боюнча дүйнөлүк рейтингде 100-орунду ээледи

World Justice Project (Дүйнөлүк укук долбоору) эл аралык бйөкмөт уюму 2022-жылга карата дүйнө өлкөлөрүндөгү мыйзам үстөмдүгүнүн жана укуктун ар жылдык рейтингин жарыялады. Кыргызстан рейтингде 0,46 балл алып, 140 өлкөнүн ичинен 100-орунду ээлеген.

Эсеп сегиз категория боюнча жүргүзүлөт, алардын катарында демократиялык институттардын мамлекеттик бийликти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү, коррупциянын деңгээли, адамдардын негизги укуктарынын сакталышы, өкмөттүн ачык-айкындуулугу жана башка категориялар бар.

Алсак, коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстандын көрсөткүчтөрү эң эле начар — 0,3 балл (127-орун), ал эми жазык адилеттүүлүгү системасы боюнча — 0,33 балл (114-орун).

Өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстан бир тепкичке ылдыйга түшкөн — 2021-жылы өлкө 99-орунда турган. Сот адилеттигинин 2022-жылга карата индекси боюнча Кыргызстан 2015-жылдан бери эң төмөн балл алып келет.

Укуктук өлкөлөрдүн алдыңкы бештигине Дания, Норвегия, Финландия, Швеция жана Нидерланды кирген. Андан кийинки эле орундарга Гаити, Конго Демократиялык Республикасы, Ооганстан, Камбоджа жана Венесуэлла илинген.

World Justice Project укук үстөмдүгү боюнча ар жылдык рейтингин 2009-жылдан бери жарыялап келет. Рейтингди түзүүгө эксперттер, өлкө жарандарынан сурамжылоо жүргүзгөн социологдор катышат.

World Justice Project Укук үстөмдүгү рейтинги — сандык баа берүүчү инструмент, ал өлкөлөр укуктун үстөмдүгүн иш жүзүндө канчалык сактап жатканы тууралуу жалпы көлөмдүү жана кеңири маалымат алуу үчүн иштелип чыккан.

World Justice Project’тин рейтинги Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, объектти коргоо комитетин түзгөн активист жана саясатчылар камакка алынгандан кийин жарыяланды.

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, андан соң кармап кеткен. Аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылган.

Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Кармалгандарды ТИЗОго киргизүү тууралуу сот чечимин конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева сынга алып, судьялар Конституциянын жана укук үстөмдүгүнүн кепилдиги болгондун ордуна контитуционализм жана укук үстөмдүгүн талкалоочу булакка айланып калганын белгилеген.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.