Журналист Семетей Талас уулу милицияга суракка чакырылды

Семетей Талас уулу

Журналист Семетей Талас уулу ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери анын үйүнө келип, тергөө кызматынын имаратына алып кетишти. Азырынча эмне себептен чакырылганы белгисиз.

«Мен үйгө түшкү тамакка келгем. Милиция кызматкерлери келип, суракка алып кетишти. Эмне себептен экенин билбейм. Азыр тергөө кызматына баратабыз», — деди ал.

Журналисттин кармалышы тууралуу ИИМ азырынча маалымат бере элек.

Эркин журналист буга чейин соцтармактарда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечими тууралуу пикир билдирип келген.

Ал быйыл 18-февралда «экстремисттик материалдарды таркаткан» деп шектелип, УКМКга суракка чакырылган. Анда Талас уулу мунун себебин «соцтармактардагы билдирүүлөрүнүн бирине байланыштуу» экенин белгилеген.

Семетей Талас уулу көбүнесе уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупцияга байланыштуу макалаларды жазат. Ал соңку жылдары соцтармактарда коомдогу түрдүү окуяларга карата пикирлерин активдүү билдирип келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча сурак берип чыкты