Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкулов бийликтен колдоо сурады

Самат Курманкулов

Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы, милициянын генерал-майору Самат Курманкулов пенсиясын көтөрүп берүүнү суранып бийликке кайрылды. Ал эми министрлер кабинетинен «Клоопко» Курманкуловдун кайрылуусу учурда каралып жатканын билдиришти.

«Алдаба» долбоору Курманкуловдун абалынан кабар алганы барып, анын өзүнөн жана жактоочусу Алия Турумбековадан маек алышты. Анда Турумбекова генерал-майордун учурдагы пенсиясы дары-дармегине жетпей жатканын айтты.

«Пенсиясы болгону 21 миң сом экен. Бир тамчылатма дарынын баасы эле 30 миң сомдун тегерегинде, ал эми башка дары-дармектерин айтпай эле койсо болот. Азыр Самат байке [Курманкулов] өзү өкмөткө кат жазыптыр. Аны Акылбек Жапаров соцфондго жибериптир. Алар эми ар бири өзүнүн [ишмердүүлүгүнүн] чегинен чыга албайт да. Соцфонд көп дегенде 1500-2000 сом кошот экен. Ал эч нерсеге жетпейт», — деди жактоочу маек учурунда.

Турумбекова өткөн жылдары өкмөттөн, ошондой эле кесиптештери тарабынан анын дарылануусуна жана үй-бүлөсүнө жакшы колдоо болгонун белгилеп, ыраазычылык билдирди. Анткен менен мамлекет тарабынан төлөнгөн компенсация дээрлик түгөнгөнүнө байланыштуу анын пенсиясын көбөйтүп берүүнү суранды.

«2019-2020-жылдары өкмөт тарабынан, ошондой эле кесиптештери аябай жакшы жардам бериптир. Азыр Садыр Нургожоевич физио дарылануусуна акча берип, Түркияга жибериптир. Анын баары болгон албетте, аларга ыраазычылык. Бирок мындан ары да жашаш керек да. Жубайы өзү да чарчап бүттү. Биз акча сурап кайрылып жаткан жокпуз, дарылануусуна деген пенсияны көтөрүп берсе болот эле», — деп белгиледи Турумбекова.

«Кызматка сөзсүз кайтам»

Жактоочу Курманкулов өзүнүн милдетин так аткарып, берген антына бекем турганы үчүн өкмөт анын дарылануусуна колдоо көрсөтүшү керек деп баса белгиледи.

«Москвадан учуп келгенде үч гүлүн көтөрүп [Кашкар] Жунушалиев келди. Анан “сен сонун экенсиң” деп алдап, генерал-майор наамын берип койсо эле болдубу? Өзү дагы таарынып жатат, ал мындай абалга кызматынан улам кептелип калды. Ал өзүнүн милдетин, антын аткарды. Эми өкмөт дагы ойлонуп, дарылануусуна колдоо көрсөтүшү керек. Керек болсо мамлекет аны өмүр бою камкордукка алышы керек», — деди жактоочу Алия Турумбекова.

Курманкулов өзү ден соолугу жакшырып, мурдагы калыбына келгенде «кызматка сөзсүз барам» деп билдирди.

Министрлер кабинетинен «Клоопко» Курманкуловдун кайрылуусу учурда каралып жатканын айтышып, «жакынкы аралыкта ага материалдык жардам көрсөтүлөт» деп убадалашты.

Самат Курманкулов

Чүй ОИИБдин башчысы болгон Курманкулов 2019-жылы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу учурунда башына таш тийип, жаракат алган.

Ал алгач Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, өзүнө келбей абалы оорлогондо Москвадагы Бурденко борборуна которулган. Ал жактан башына операция жасалгандан кийин 2020-жылдын апрелинде Кыргызстанга кайткан.

Өткөн жылы 5-мартта милициянын генерал-майору наамы ыйгарылган.

Буга чейин Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган — аны экс-президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Самат Курманкуловго генерал-майор наамынын погондору тапшырылды

Кой-Таш окуясы: Президент Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловду «Эрдик» медалы менен сыйлады