«Азаттык» УКМК жана Финчалгындан банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча түшүндүрмө сурады

«Азаттык Медиа» мекемеси Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына жана Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, мекеменин банк эсебинин бөгөттөлүшү жана Demir Bank’тын катына байланыштуу түшүндүрмө сурады.

«Азаттыктан» 3-ноябрга карата аталган мамлекеттик органдардан жооп алыша электигин белгилешти.

«Азаттык Медиа» мекемесинин эсеби бөгөттөлгөнү тууралуу 31-октябрда белгилүү болгон. Мекеме бул тууралуу банктын өкүлдөрү менен болгон телефондук сүйлөшүүдөн уккан.

Андан соң «Азаттык Медиа» Demir Bank’ка түшүндүрмө сурап кайрылганда, ал жерден мекеменин эсеби «Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде бөгөттөлдү деп жооп беришкен.

Банктан ар дайым мыйзам талаптарына баш ийишерин, себеп дегенде алар Кыргызстандагы биринчи эл аралык банк болуп саналарын айтып ишендиришкен.

«DemirBank “Азаттыктын” эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген дооматтардын баары таптакыр негизсиз. "Азаттыктын" эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК [Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө] мыйзамына ылайык токтотулган. Бул боюнча расмий жоопту банк анын жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде “Азаттыкка” билдирди», — деп жазышкан банктан.

«Азаттык Медианын» эсебин бөгөттөөдө кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдаштыруу) мыйзамы колдонулганын буга чейин депутат Дастан Бекешев дагы Твиттер барагында жазган.

«Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөө

Эсепти бөгөттөөдөн тышкары буга чейин Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзамына таянып «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана андан «стандарттардын бузулганын аныкталбаганын» билдиришкен.

Ал эми Журналисттерди коргоо эл аралык комитети кыргыз бийлигин «“Азаттыктын” сайтына коюлган бөгөттөөнү тез арада алууну жана сайтты бөгөттөө чечимин кабыл алууга негиз болгон “Анык эмес (жалган) маалымат (фейктер жөнүндөгү)” мыйзамды жокко чыгаруну талап кылган.