«Акча опузалоого» шектелип жаткан оператор 20-ноябрга чейин камакка алынды

«Акча опузалоого» шектелип кармалган оператор Калыс Ашырбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Бул маалыматты «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 5-ноябрда тастыктады.

4-ноябрга караган түнү MIR 24 сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева жана оператору Калыс Аширбеков кармалып, 48 саатка камакка алынган.

ИИМдин маалыматына ылайык, журналист, оператор жана «Жорго-Таксинин» айдоочусу «акча опузалоого» шектелип жатат.

«3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган», — деп билдиришкен милициядан.

Бирок кайсыл депутаттар экени айтылган эмес. Ал эми Сатыбалдиева эч кимден акча албаганын жана бул ишке Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин тиешеси бар экенин айткан.

Сатыбалдиева иш боюнча тараган малыматта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты айтылбай жатканын баса белгилеген.

«Эмнеге пресс-релизде Шайырбек Ташиевдин аты чыкпай жатат, мага абдан кызык. Бул жерде Камчыбек Ташиевдин аты болуш керек болчу. Булар өздөрү “подстава” кылып, бардыгын [бизге] оодарып коюшту. Тергөө үчүн гана унчукпай турам», — деген ал.

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева 5-ноябрда эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулду.

Дагы окуңуз:

Акча опузалоого шектелип кармалган журналист «мени Ташиевдер подстава кылды» деп билдирди