Журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

«Акча опузалоого» шектелип кармалган журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Укук коргоочу мындай чечимди тергөөчү кабыл алганын белгиледи. Ал эми Сатыбалдиева «Азаттык» басылмасына республикалык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айткан.

MIR 24 сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева жана оператору Калыс Аширбеков 4-октябрга караган түнү кармалып, 48 саатка камакка алынган. ИИМдин маалыматына ылайык, журналист, оператор жана «Жорго-Таксинин» айдоочусу «акча опузалоого» шектелип жатат.

«3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган», — деп билдиришкен милициядан. Бирок кайсыл депутаттар экени айтылган эмес.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева кош бойлуу экенин, дарыгерлер анын боюнан козголуп жатканын айтканына карабай камакка алынганын айтып чыккан.

Кийинчерээк журналист бир нече ирет боюнан козголуу коркунучунан улам ооруканага жаткырылган. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сатыбалдиевага милиция кызматкерлери адамкерчиликсиз мамиле жасаган деп айыптаган.

Сатыбалдиева акыркы жапырт кармоолорго байланыштуу пикирин соцтармактарда ачык жазган. Ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерди, өзгөчө Жалал-Абаддагы жергиликтүү чиновниктерди сындап келет.

2018-жылы журналистке үйүнүн алдында кол салуу болгон. Анда белгисиз киши аны бычактап, журналист ооруканага түшкөн.

Дагы окуңуз:

Акча опузалоого шектелип кармалган журналист «мени Ташиевдер подстава кылды» деп билдирди

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева жана анын оператору кармалды