Бишкектеги үйдүн жертөлөсүнөн бычакталган орусиялык жарандын сөөгү табылды

Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринин жертөлөсүнөн Орусиянын 30 жаштагы жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 5-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда шаар тургуну милицияга Калык Акиев көчөсүндөгү үйдүн жертөлөсүнөн 35-40 жаштагы кишинин сөөгү табылганын кабарлаган.

Жерине барган ыкчам-тергөө тобу маркумдун аты-жөнүн аныктаган. Орусиянын 30 жаштагы жараны бычакталып каза болгону белгилүү болгон.

Районук милиция бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине каттап, тиешелүү экспертиза дайындады. Милициядан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Орусиялыктардын Кыргызстанга келиши

Үстүбүздөгү жылдын сентябь айынын аягынан тартып орусиялыктар Борбор Азиягы, анын ичинде Кыргызстанга көчүп келе баштаган. Ага Орусияда Украина менен согушуп жаткан бөлүктөрдүн өздүк курамын толуктоо үчүн «жарым-жартылай мобилизация» жарыяланганы себеп болгон.

Бийлик жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирген. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөгөн. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке каккан.

Кыргызстанда акыркы сегиз айда 170 миңге жакын орусиялык каттоого турган. Орусияда мобилизация жарыялангандан тарта, Санарип министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3 526 киши жашаган жери боюнча каттоого турган. Ошол эле учурда өлкөдө турак жайдын ижара акысы кескин өсүп кеткен, ал эми кээ бир мейманканаларда орундар дээрлик калбай калган.