Ошто ок атып, интернетке видео тараткандардын аты-жөнү такталды

Ошто тапанча аткан видеосу тараган адамдардын аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Буга чейин соцтармактарда унааны чимирилте айдап, андан соң тапанча аткан кишилердин видеосу чыккан. Бул милициянын электрондук журналына катталган.

Милициядан тергөөнүн жүрүшүндө алар Ош шаарынын 24 жана 29 жаштагы тургундары экени аныкталганын айтышты. Тергөөгө камсыздалган тургундардын бири бул жорукту «уулдуу болгонунун урматына жасаганын» билдирген.

Учурда далил буюм катары тапанча алынып, тергөө уланып жатат.

Облустук милициядан иш Ош ШИИБге өткөрүлүп берилерин кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Үч тургунга ок аткандардын унаасы жана куралы табылды