Элчилик: Бир айда Орусиядан 15 кыргызстандыктын сөөгү өлкөгө алынып келинди

2022-жылдын октябрь айында Орусиянын аймагында каза болгон 15 кыргызстандыктын сөөгү өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн айда дипломатиялык мекеме 50 кыргызстандык мигранттардын 1 млн 963 миң 600 рубль эмгек акысын алууга көмөктөшкөн.

Ошондой эле Орусиянын миграциялык мыйзамын бузуп, укук коргоо органдары тарабынан кармалган 48 кыргызстандык камактан бошотулган.

«Элчиликтин кызматкерлери Красноярск аймагынын, Москва, Владимирск жана Самара облустарынын жаза-аткаруу мекемелерине барып, 42 кыргызстандык менен жолугушту. Ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 8 544 адамга консультациялык жардам көрсөтүлдү», — деп белгилешти элчиликтен.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Орусиянын аймагында ар кандай шартта каза болгон 31 кыргызстандыктын сөөгү өлкөгө алынып келинген.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата Орусияга жалпысынан 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.