АКШ чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн Тажикстанга 10 жолтандабас берди

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги 8-ноябрда Тажикстандын Улуттук гвардиясына мамлекеттик чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн 10 жол тандабас берди. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы баасы 858 миң долларды түзгөн 10 унаа, тетиктери, оңдоочу жай жана техниканы тейлөө боюнча окуулары менен өткөрүлүп берилди.

«Бул кайрымдуулук Тажикстанга анын чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн берген жардамдарыбыздын бир гана бөлүгү. Биз Тажикстанга чек ара коопсуздугу жаатында тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биргеликте жетишилген макулдашуулар менен сыймактанабыз.Биз терроризм, баңгизат аткезчилиги жана өзөктүк куралдын жайылышына каршы күрөштө өнөктөш бойдон кала беребиз. Чогуу иш алып барганда биз күчтүүбүз», — деп айтты АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм автоунааларды берип жатып.

АКШ элчилигинин маалыматына ылайык, Америка тарабынан 1992-жылдан бери Тажикстанга коопсуздук тармагында 330 млн доллардан ашык суммага жардам көрсөтүлгөн. Анын ичине окутуулар, жабдыктар жана инфраструктура кирет.

Мындан тышкары, АКШ 10 миңден ашык аскерди жана күч түзүмдөрүн террордук чакырыктарга жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы окуткан.

«Буга чейин АКШ өкмөтү Коргоо министрлигинин Тынчтыкты сактоо батальонунун окуу борборун реконструкциялоого жана курууга колдоо көрсөтүп, аталган министрликтин мобилдик күчтөрүнө деп 1,5 млн долларга Магоб полигону курулган», — деп билдиришти дипөкүлчүлүктөн.

Элчиликтен кошумчалашкандай, АКШ 30 жылдык кышматташууда Тажикстанды колдоо үчүн 1,8 млрд доллар берген. Бул өнүгүүгө жана коопсуздукка, программаларга, коопсуздукту камсыз кылуу, экономикалык өнүгүү, саламаттык сактоо, Тажикстандагы жарандык коомго жана билим берүү тармактарына берилген.

Буга чейин, сентябрда Америкалык Politico басылмасы Тажикстан АКШдан ондогон тик учак, аскердик самолёт алышы мүмкүн экенин жазган.

2021-жылдын август айында талибдер Кабулду басып алганда АКШнын көзөмөлүндөгү Ооганстандын аскердик аба күчтөрүнүн пилоттору колдонууга жарактуу учактарынын дээрлик төрттөн бирин — 46 даана — Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирген. Муну АКШнын Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча атайын инспекциясынын 2022-жылга карата отчёту тастыктап турат.

Стратегиялык жана эл аралык изилдөө борбору (CSIS) анализдеген спутниктен тартылган сүрөттөрдө бир моторлуу, дирилдек Cessna-208, бразилиялык A-29 Super Tucano жеңил дирилдектүү чабуул учактары, Ми-17 тик учактары, Ми-25 жана АКШнын көп максаттуу UH-60 Black Hawk аскердик тик учактары көрүнүп турат. Бул учуучу аппараттардын көпчүлүгү мурда ооган аба күчтөрүнүн потенциялын жогорулатуу үчүн Вашингтон тарабынан Кабулга жеткирилген.

Пентагондун жогорку даражалуу аткаминери жана конгрессмендин жардамчысы Politico басылмасына ушул жылы АКШнын расмий өкүлдөрү АКШнын аскердик базасы жок болгон Борбор Азияга бекем орноо үчүн учактарын колдонууга күч жумшаганын айтып берген.