Кыргызстанда бир суткага электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди

10-11-ноябрда электр жарыгын керектөөгө жана кубатына чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Электр станциялар» компаниясынын башкы директору Айбек Айдаралиев маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, бул Токтогул ГЭСдеги № 2 гидроагрегатты оңдоо иши менен байланыштуу, бирок андагы жумуштар аяктап калды.

«План боюнча 15-ноябрда ишке кирет деп пландалган. Бирок сууктун кирип келишине байланыштуу электр станциялардын жетчилиги 11-ноябрда киргизели деп чечим кабыл алдык. Ишти эртелетип, №2 гидроагрегатты тезирек ишке киргизели дедик. 10-11-ноябрь күндөрү чоң жумуштар жүрөт. Ошол агрегатты ишке киргизиш үчүн кичине убактылуу жанында турган агрегаттарды өчүрүүгө да туура келет. Бул ошол жердеги адамдардын коопсуздугу үчүн өчүргөнгө туура келип жатат. Ошол себептен агрегаттар өчүп калганда электр тартыштыгы пайда болот. Ошого байланыштуу кичине чектөө иштерин жүргүзүүгө туура келип жатат. Бизди туура түшүнүүңүздөрдү суранабыз», — деди ал.

Айдаралиев ноябрдын соңунда энергетиктер Токтогул ГЭСнин №4 гидроагрегатын ишке киргизүү пландап жатканын да кошумчалады.

«Ишке киргизип жатканда ушундай учурлар болушу мүмкүн. Бирок биз андан качууга аракет кылып жатабыз. Бирок баары бири-бири менен байланышкан», — деп белгиледи ал.

Кыргызстандын энергосистемасы 9-ноябрда аба-ырайынын төмөндөшүнөн улам, жүктөмдү көтөрө албай, өлкө боюнча электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учураган.

Kaktus.media Бишкектин тургундарына таянып, жарык 9-ноябрдан бери өчүп жатканын, айрым райондордо дагы деле күйө электигин жазган.

Муну Улуттук энергохолдинг аба-ырай кескин сууктап кеткендиктен электр жарыгын керектөө кыйла көбөйгөнү менен байланыштырган. Ошондой эле, кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга, жүктөм көп болгон учурда электр энергиясын көп талап кылган жабдыктарды өчүрүп, жылытуунун альтернативдүү түрлөрүн колдонууга чакырган.

Электр энергиясын үнөмдөө

Улуттук энергохолдинг мындай чакырык менен биринчи жылы эле чыгып жаткан жок. Компания электр жарыгын үнөмдүү пайдалануу боюнча жыл башында эле өтүнгөн.

Буга чейин Кыргызстанда электр жарыгы жетишсиз болуп, 2022-жылдын соңунда жарык маал-маалы менен өчүрүлө турганы айтылган.

Бирок бийлик электр жарыгын импорттоонун көлөмү өскөндүктөн, өчүрүүлөр болбойт деп ишендирүүдө.