УКМК: Кыргыз-Орус Славян университетине кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды

Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (КРСУ) абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схема аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, министрликтин жана КОСУнун жооптуу кызматкерлери көп жылдан бери жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун эрежелерин бузуп, бюджеттик окуу жайларга студенттерди мыйзамсыз кабыл алууну уюштуруп келген.

«Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Орусиянын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргызстандын бюджетинин эсебинен төлөнүп келет. Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргызстандын жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизип турган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча иликтөө иштеринин натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы башчысы жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматынан учурда шектүүлөр убакылуу тергөө абагына киргизилгенин белгилешти.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын кызматкерине 20 миң сом пара берүүгө аракет кылган.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун көрүнүшү боюнча 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 124-орунда болчу.

Ал эми 2021-жылы коррупциянын көрүнүшү боюнча биринчи орунга Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия өлкөлөрү чыккан.