«1 млн сомдон ашык зыян». ИИМдин Ички аскерлеринин жооптуу кызматкерлерине үч кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жооптуу кызматкерлери мамлекетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 9-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр атайын тактикалык машыгууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарын кымырып алган.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, жооптуу кызматкерлер машыгууга товарларды сатып алууда документтерди жасалмалап, ашыкча бааны көрсөтүү жолу менен техникалык спецификацияга жооп бербеген товарларды сатып алышкан.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана ысырап кылуу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш иштерин козгоду.

Басма сөз кызматынан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Буга чейин Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын жооптуу адамдары керексиз вакциналарды сатып алгандыгы аныкталган.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр вакцинаны сатып алууда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамды бузуп, тендерди бир эле компаниянын жеңип чыгуусуна шарт түзүшкөн.