Бекешев: Жакында Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялайт

Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялайт. Бул тууралуу 11-ноябрда депутат Дастан Бекешев твиттер барагына билдирди.

Бирок эл өкүлү бул маселе боюнча парламенттин жыйыны качан болорун так айткан жок.

«Эл аралык келишимдер жөнүндө» мыйзамга ылайык, документтер күчүнө кириши үчүн Кыргызстандын парламенти ратификациядан өткөрүшү керек. Андан соң документке эки өлкөнүн президенттери кол коёт.

Бирок Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитет жетекчисинин орун басары Чолпон Султанбекова журналисттерге «процедурага ылайык, документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, анан парламенттин кароосуна жана ратификацияга жөнөтөт» деп билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ал келишимде Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу камтылган.

Чуу жараткан келишим

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Кыргыз коомчулугу Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилиши мүмкүн деген жашыруун келишимдин айланасында уу-дуу болуп атат. Парламентте бул документ боюнча талкуулардын баары чуу менен коштолуп келет.

Жалпысынан талкууланып жаткан документтерге байланыштуу митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик 26 кишини «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

Кыргызстандын президенти менен өкмөтү кол коюуга шашылып жаткан мамлекеттик чек арага байланышкан Өзбекстан менен макулдашуунун долбоору бүгүнкү күнгө чейин ачыкка чыга элек.

Бирок Өзбекстанга башка райондордогу жерлердин ордуна Кемпир-Абаддын чөйчөгү өтүп жатканы жана суу сактагычтын айланасындагы жаңы чек ара «900-горизонталдык контур» боюнча өтө турганы белгилүү. Бул — топографиялык картада жерликтин рельефин деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте курчап турган изолиния.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 900 деген белги — Кыргызстан үчүн утуш деп ишендирип жатат.

Бирок 900-горизонталь боюнча кыргыз-өзбек чек арасы так кайсыл аймактардан өтөөрү белгисиз. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер чек ара 900-горизонталь боюнча өтсө, «сууну жана суу сактагычтын тегерегиндеги жерлерди колдоно албай калабыз» деп кооптонушууда.