Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы атайын элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 11-ноябрда кол койду.

Казакбаевге чейин бул кызматты Кубанычбек Өмүралиев аркалаган. Ал Самарканддагы кеңешмеде Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланды.

Руслан Казакбаев 2020-жылдын 14-октябрында тышкы иштер министри болуп дайындалып, үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде кызматтан кеткен.

Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Казакбаевдин кызматтан алынганын башка ишке өткөнү менен түшүндүргөн. Бирок анын кайсы кызматка дайындалганы ачыкталган эмес.ТИМге келгенге чейин Казакбаев 2015-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясынан парламентке депутат болгон.