Сузак: Айыл өкмөттүн мурдагы башчысы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда айыл өкмөттүн мурдагы башчысы менен орун басары жерлерди жеке турак жай үчүн мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 12-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр жер тилкелерин бөлүштүрүп берүү боюнча токтомдорду мыйзамсыз жасап, тургундардан акча алганы белгилүү болду.

Шектүү. Сүрөт: УКМК.

Бул боюнча «Документтердин жасалмасын жасоо» беренеси менен иш козголуп, шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жерлерди мыйзамсыз сатуу боюнча өткөн жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда кылмыш иши козголгон. Анда «Кадастрдын» Кара-Суу районундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчисин, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосиловду, «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратовду, алардын шеригин жана мекеменин Кара-Көл шаары боюнча филиалынын убактылуу башчысы кармалган.

Тема боюнча:

Кара-Сууда мыйзамсыз жер сатуу иши боюнча «Кадастрдын» дагы бир кызматкери кармалды