«Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Ички иштер министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматкери пара талап кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 11-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарынын тургуну Жайыл-Панфилов «Унаа» ишканасынын кызматкерине чара көрүүнү өтүнүп УКМКга арыз жазган. Ал кызматкер унааны кайра жабдууда уруксаат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылганын айткан.

Ал эми 9-ноябрда шектүү акча талап кылып жатканда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул боюнча «Опузалап пара талап кылуу» беренеси менен иш козголгон.

Атайын кызматтан шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгилешти. Учура анын ушуга окшош башка иштерге тиешеси бар-жогу такталууда.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Ош облусундагы Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн эки кызматкери пара алып жатканда кармалган.

Шектүүлөр козголгон кылмыш ишти «оң жака чечип берем» деп айыпталуучудан 120 000 сом пара талап кылган.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун көрүнүшү боюнча 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 124-орунда болчу.