Ош: Кара-Кулжа райондук милициясынын эки кызматкери пара алып жатканда кармалды

Ош облусундагы Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн эки кызматкери пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 2-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери козголгон кылмыш ишти «оң жака чечип берем» деп айыпталуучудан 120 000 сом пара талап кылган.

Ал эми 1-ноябрга карган түнү шектүүлөр 50 миң сом пара алып жатканда УКМК кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.

Атайын кызматтан шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады. Азыркы тапта кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, август айынын соңуна Чүй облусунун Москва райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерин 70 миң сом пара алып жатканда кармалган. Алар да УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү коррупцияга шектелип кармалды