Бир кадр менен: Автоунаалар жана коомдук транспорт шаарда канча аянтты ээлейт?

Бишкекте Urban HUB Bishkek’тин катышуучулары «50 унаага караганда 1 автобус артык» деп аталган акциясын өткөрүштү. Бул акция менен урбанисттер транспорттун түрүнө жараша шаардын аянты кантип колдонулуп жатканын көрсөткүлөрү келген.

Сүрөт: Urban HUB Bishkek.

50 автоунаа жолдун 600 чарчы метр аянтын ээледи. Ошол эле учурда велосипедчен 50 киши болгону 70 чарчы метрге, самокаттар менен — 50 чарчы метр жерге, ал эми бир автобус менен болгону — 30 чарчы метрге батышты», — деп жазышты активисттер.

Алардын айтымында, бир автоунаа төрт кишини батыра алат, бирок, Бишкекте 70% учурда бир унаада болгону бир эле киши отурат. Демек, жеке унаалар аз киши ташып, жолдордо көп жерди ээлешет.

Активисттер жаңы авто жолдорду жана магистралдарды куруу жол тыгын маселесин чечпесин, аны башка өлкөлөрдөгү изилдөөлөр деле далилдеп турганын эске салышты. Ал эми шаарды жолдогу тыгындардан бошотуунун натыйжалуу жолу — бул адамдарды жеке унааларын анда-мында гана колдонуп, коомдук транспорт, велосипед же самокаттарга өтүүгө шыктандыруу экенин белгилешти.

Бишкек суук түшүп башташы менен дүйнө жүзүндөгү абасы эң эле булганган шаарлардын сап башына чыгат. Борбор калаа көбүнесе жеке турак жайларда көмүр жагылгандыктан ышка толот. Бирок шаарда абанын сапатынын начарлашына унаалардын көптүгү да салымын кошот. Миллиондук калкы бар Бишкекте 90 автобус, 130 троллейбус, 1500 ашык кичи автобус жана дээрлик жарым миллион жеке унаа бар.