Кемчиликтери бар. Маданият министрлиги фейктер тууралуу чуулгандуу мыйзамга өзгөртүү киргизет

Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Токтомдун долбоору коомдук талкуу үчүн минкабдын сайтына жарыяланды.

Маалымкат-негиздемеде мыйзамдын айрым пункттарында кемчиликтер бар, ошондуктан аны аткарууда тоскоолдуктар жаралып жатат.

Кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат?

Демилгечилердин айтымында, мыйзамда «анык эмес материалды алып салууда сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин аракеттерине даттануунун тартибине тоскоол жараткан» кемчиликтер бар.Маданият министрлиги арыз ээси арыз берүү учурунда таркатылган маалыматтардын ишенимсиздигин тастыктаган далилдерди келтириши керек деген пунктту кошууну сунуштап жатат.

Октябрда Жогорку Кеңештин жети депутаты дагы бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап, аларды коомдук талкууга чыгарышкан болчу.

Мыйзамды бул депутаттар иштеп чыккан: Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чынгыз Айдарбеков.

Мыйзам долбоорунда фейктер тууралуу мыйзам «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик-процесстик кодексинин жоболоруна каршы келери жазылган. Ошондой эле, документте «конституциялык принциптерге ылайык, Кыргызстанда сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбейт турганы» белгиленген.

Депутаттар интернетте өзүнө байланыштуу анык эмес маалымат таркатылган деп даттанган арыз ээси өз талабын негиздеп, материал жалган болуп эсептелерин далилдеп бериши керек деген норманы киргизүүнү сунушташкан.

Депутаты предлагали ввести норму, где прописано что заявитель, в отношении которого распространена недостоверная информация, должен обосновать свое требование и привести доказательства, что этот материал является ложным.

Андан кийин сайттын же сайттын баракчасынын ээси кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып үч күндүн ичинде арызды карап чыгууга милдеттүү болот. Эгер арыз ээсине анык эмес маалыматты өчүрүп салуудан баш тартышса, анла ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрыла алат.

Фейктер тууралуу чуулгандуу мыйзам

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 23-августта кол койгон.

Мыйзам интернетте жалган маалымат таратылса соттун чечими жок эле колдонуучунун жүзүн ашкерелеп, сайттардын ишине бөгөт коёт.

Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом каршы чыккан. Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.

Февраль айында Маданият министрлиги фейктер тууралуу мыйзамды аткаруу боюнча токтом иштеп чыккан. Документке ылайык, мамлекеттик орган арыздарды жана даттанууларды кабыл алып, анык эмес маалыматты таратты деген сайттарды убактылуу жабуу менен алектенет.

Кыргызстанда фейктер жөнүндөгү мыйзам атүгүл колдонулган. Август айында өлкөдө Res Publica сайты бөгөттөлгөн. Сайттын башкы редактору Замира Сыдыкованын айтымында, сайт «Манас Менежмент» ишканасынын экс-президенти Асан Токтосуновдун арызынын негизинде бөгөттөлгөн. Токтосунов сайттын «Манас» аэропорту тууралуу эки иликтөөсүндө өзү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар жазылганын айтып арызданган.

Август айынын аягында убактылуу жабууга 24.kg маалымат агенттиги да туш болгон. Анда Амбассадор» мейманканасы Маданият министрлигине 24.kg басылмасына арызданып кайрылган, алар сайтта чыккан маалыматты чындыкка коошпойт деп эсептешкен. Маалымат агенттигинен эч ким алар менен байланышып, алардын версиясын укпаганын билдиришкен. Териштирүүлөрдөн кийин Маданият министрлиги сайтты жабуу боюнча чечимди артка чакыртып алууну чечкен.

Ал эми 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөнү чечкен. Буга аталган медиа 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыялаганы» себеп болду дешкен.

Бул окуялардан кийин «Медиа Полиси Институтунун» юристтери фейктер жөнүндөгү мыйзам «бийликтин аракеттерине мониторинг жасап, карапайым калкка өкмөт кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам бере турган маалыматтарды ачыктап жаткан ЖМКга каршы административдик ресурс» деген билдирүү жасашкан.