Парламент депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргелешип башкаруу жөнүндө келишимде талаштуу маселелерди чечүүнүн механизмдери жок экенин жазды. Эл өкүлүнүн айтымында, эгер келечекте тараптар бир пикирге келе албай калса, суу сактагычты пайдалануу боюнча тигил же бул маселелер кандай чечилери түшүнүксүз.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков макулдашуу боюнча Кыргызстан ансыз деле суу сактагычты пайдаланууда укугу «кыйла чектелип калганын» айткан. Анын айтымында, өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, эксплуатациялайт, техникалык жактан тейлейт. Мындан тышкары, кыргыз тараптын өкүлдөрүн суу сактагычка паспорт менен гана жана текшерүүдөн кийин киргизип турушат, муну Айдарбеков «кемсинтүүчү шарттар» деп эсептейт.
2021-жылдын мартында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев объектти көзөмөлдөө Өзбекстан тарапка өтүп жатканына карабастан, кыргызстандыктар Кемпир-Абад суу сактагычына ээр-эркин кирип чыга алат деп ишендирген, мисалы, балык уулоого.
Ошол эле учурда Өзгөн районунун Жерге жайгаштыруу боюнча комитетинин башчысынын мурдагы орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев Өзбекстанда кандай болгон күндө да тосмо, пост жана вышка курууга мүмкүнчүлүгү болот деп эскерткен болчу. «Мүмкүн азырынча тосулбайт. Бирок, кийинчерээк, эгер Өзбекстандын президенти алмашса алар тосмо да, пост да, вышка да курат деп корком. Ошондо биз суудан айрылабыз», — деген Айтбаев.
14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин төмөнкү палатасы Кыргызстан менен мамлекеттик чек араны тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу боюнча келишимди мыйзам түрүндө жактырган. Кыргыз парламенти бул документтерди азырынча ратификациялай элек. 15-ноябрда Өзбекстан менен келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин профилдик комитети тарабынан жактырылган.
Ал арада Кемпир-Абад боюнча келишимге дагы үч суу ресурсу — Орто-Токой суу сактагычы, Гавасай дарыясы жана Чечме булагы киргени белгилүү болду.
Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар
«Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө келишимдин» долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат.
Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн утуштуу деп айтышууда. Алар Кемпир-Абадды биргелешип башкаруу боюнча комиссия түзүлөрүн дагы билдиришкен.
Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.
Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.
Жалпылап айтканда талкууланып жаткан документтерге байланыштуу суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүн да жана өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.
Ошондой эле бийлик 30 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.