Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов 17-ноябрда Кемпир-Абад боюнча үч жарым мүнөттүк видео жарыялады. Ал эми журналист Айбек Бийбосунов видеодогу кадрлар «Азаттыкка» таандык экенин айтып чыкты.
Журналист Байсалов бөлүшкөн репортажда видеонун автору айтылбаганын белгилеп, иликтөөнү «такыр башка мазмундагы видеого колдонуу канчалык туура» деп суроо салды.
«Бектур Стамкулов менен Өзгөндө үч-төрт күн жүрүп тартып келгенбиз. Чаң жутуп, күнгө күйгөнбүз. [...] Жок дегенде шилтеме берип коюш керек эле. Жада калса “Азаттыктын” монтажы өзгөрбөй, видеолордун ирет алмашпаптыр. Болгону менин үнүмдү эле алып ыргытып жиберишкен», — деп белгиледи ал.
Андан соң Бийбосунов аталган видео материалдар ЭЛТР мамлекеттик телеканалынын эки сюжетинде дагы колдонулганын жазды. Сюжеттер «Чек ара элдин мүдөөсүнө чечилди» жана «Мамлекеттин кызыкчылыгы маанилүү» деген аталыш менен жарыяланган.
Анда Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы болгондор тууралуу «айрым саясатчы-сөрөйлөрдүн көрө албастыгыбы же бийлик башына жетүүнүн амалыбы, айтор эл арасына ар кандай ушактарды жайылтуу менен убара» деп баяндалган.
Ошондой эле кабарчы «чындыгында алар өз убагында мамлекеттик чоң постторду ээлеп турганда жалпы калк кызыкчылыгындагы иштерди жасап койгонго жарашкан эмес» деп сынга алып, бир дагы далил келтирген эмес.
Ал эми Бийбосуновдун постунун алдына айрым фейсбук колдонуучулары пикирин билдирип, «мамлекет жана мамлекеттик каналдардын канча ресурсу туруп, автордук укукту сыйлашпайт» деп Эдил Байсалов менен ЭЛТРди сынга алышты.
Эдил Байсалов менен ЭЛТР эмне дейт?
Айбек Бийбосуновдун билдирүүсүнөн кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов видео материалдар кимге таандык экенин көрсөттү.
Ал бөлүшкөн видонун алдына «видео кадрлар Бектур Стамкулов жана Айбек Бийбосунов “Азаттык Медиа” үчүн даярдаган репортаждан алынды» деп жазды.
Ал эми ЭЛТР мамлекеттик телеканалынын башкы директорунун орун басары Адыл Акжол уулу бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ал бардыгын тактаган соң маалымат берүүнү убадалады. Андан көп өтпөй Айбек Бийбосунов ЭЛТР ютуб каналындагы сюжетти өчүргөнүн жазды.
26-октябрда «Азаттык» үналгысы «Кемпир-Абад: Суунун чеги суроо жаратууда» деген 22 мүнөттүк иликтөө жарыялаган. Анда басылма Өзбекстанга берилет деген Кемпир-Абаддын 900-горизонталдагы чегин иликтеп, картасын спутник аркылуу түшүргөн.
Жерине барган журналисттер айыл эли менен жолугуп, алардын пикирин билген. Ошондой эле, Кемпир-Абаддын тарыхын жана 1965-жылдагы келишимдин чоо жайын түшүндүрүп берген.
Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар
17-ноябрда Жогорку Кеңеш «кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди» жана «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну» дароо үч окууда ратификациялады.
Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн жеңиштүү болгонун айтышууда.
Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгышууда. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.
Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.
Бул окуядан кийин суу сактагыч жайгашкан Ош облусунда, өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.
Ошондой эле бийлик массалык башаламандык уюштурууга айыптап дээрлик 30 адамды кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.
Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.