Мадумаров: Күч түзүмдөрү добуш берүү алдында депутаттарга чалып коркутушту

Жогорку Кеңештин депутаттары 17-ноябрда «Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү» жана «Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип пайдалануу жөнүндөгү макулдашууну» ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырышкан.

Добуш берүү алдында оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров кесиптештерине башкы трибунага чыгып сөз алууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранып кайрылды.

Ал колунда КССР маалында Өзбекстанга эч ким эч кандай жерди бербегени тууралуу үч томдук архивдик документтер бар экенин айтты. Ага чейин ошол эле жыйында президент Садыр Жапаров Кемпир-Абадды 1965-жылы эле алмашылып кеткенин айтып ишендирген.

«Депутат катары укугум бар да пикиримди айтканга», — деди Мадумаров.

Ага Ташиев Мадумаровго сөз берилген, бирок Кемпир-Абад боюнча суроо берүүнүн ордуна саясатты сүйлөп туруп туруп алганын айтып жооп узатты.

Депутат бийлик анын суроолоруна жооп бере албагандыктан суроолорду бербей жатканын айтты. Ал сөз берилсе кесиптештерине бийлик көрсөтпөй жаткан дагы башка архивдик документтерди көрсөткүсү келгенин белгиледи.

«Ансыз да башкы прокурор депутаттарды чакырып атканын күндө угуп атабыз. Качан башкы прокурор добуш берүүнүн алдында чакырчу эле? Качан видео чалуу кылып, УКМКга доклад берчү эле? Мына ушул нерсенин баары биздин алдыбызда болуп атат. Мына бул жерде отурган коллегаларымдын үстүнөн болуп атат. Нурлан Тургунбекович, муну сиз коргошуңуз керек. Качан добуш берердин алдында күч структуралары депутаттарды чакырып алып коркутчу эле? Бул уят маселе», — деди ал, бирок кайсыл добуш берүүнүн алдында экенин тактаган жок.

Бирок Мадумаровго сөз берилген жок — депутаттардын көбү кесиптеши трибунага чыгып сөз алуусуна каршы добуш беришкен.

Андан кийин эл өкүлдөрү Өзбекстан менен чек араны ратификациялоо жана Кемпир-Абадды биргелешип башкаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун ратификациялоо үчүн дароо үч окууда добуш беришти.

Эми документтер президенттин кол коюусуна жиберилип, андан соң мыйзамдык күчүнө кирет.

Тема боюнча окуңуз:

Мадумаров депутаттарды Кемпир-Абадды берүү маселесин колдоого мажбурлап жатышканын билдирди

«Эмне согуштан утулдук беле?» Президенттик кеңештин эксперти суу ресурстардын Өзбекстанга өтүшүн сынга алды