Мэрия: Бишкектин мектептеринде 376 миң окуу китеби жетишсиз

Бишкектин мектептеринде 376 миң окуу китеби жетишсиз. Бул тууралуу шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында калаа мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстанбекова билдирди.

«Кыргыз тилинде окуу китептери менен 79%, орус тилиндеги окуу китептери менен 64,5% камсыздалган. Бүгүнкү күндө 241 миң орус тилиндеги китеп, ал эми кыргыз тилинде 135 миң китеп жетишсиз», — деди ал.

Арстанбекова окуу китептерин алууга план боюнча каралган акчалар сарпталып жатканын белгиледи.

«Свердлов району боюнча окуу китептерине 6,7 млн сом каралган, 4,5 млн сому өздөштүрүлгөн. Октябрь району боюнча — 15,9 млн сом, 13,3 млн сому өздөштүрүлдү. Ленин району боюнча — 8,6 млн сом, 5,8 млн сому өздөштүрүлдү. Биринчи май району боюнча — 9 млн сом, бирок аларды өздөштүрүүгө үлгүрүшкөн жок, себеп дегенде минкабдын эрте чыккан токтомдорду жокко чыгаруу боюнча чечими чыккан», — деди ал.

Арстанбекованын айтымында, муниципалитет библиотекалык фонддун электрондук версиясын иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барып жатат.

Дагы окуңуз: Окуучулардын китептери былтыркы каталар менен басылып чыккан