Ош: Унааны чимирилте айдап, асманга ок чыгарган киши эки айга камалды

Ошто унааны чимирилте айдап, асманга тапанча менен ок чыгарган киши эки айга камалды. Мындай чечимди шаардык сот кабыл алды.

Маалыматка караганда, шектүү куралдарды сактоого буга чейин ШИИБден уруксат алган. Бирок ал аны башка адамдарга берүү менен сактоо эрежелерин бузууга айыпталууда.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.

Буга чейин Оштогу көчөлөрдүн биринде авто унаа менен дрифт жасап, тапанча менен асманга ок аткан кишилердин видеосу тараган. Тергөөгө камсыздалган шектүүлөрдүн бири бул жорукту «уулдуу болгонунун урматына жасаганын» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто ок атып, интернетке видео тараткандардын аты-жөнү такталды