Улан Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болду

Улан Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, буйрукка минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Кимсанов буга чейин да төраганын орун басары болуп иштеген.

«Кактус» басылмасынын маалыматына караганда, Кимсанов мурдараак Түштүк-батыш бажысынын башчысы болуп иштеген. Ал эми 2012-2014-жылдары «Манас» бажысында башчы болгон.

2014-жылы ал бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткарбаганы үчүн жана бажылык бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча көзөмөлдүн жана иштин натыйжасы жоктугу үчүн кызматынан бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу планын аткарбагандыктан бюджет быйыл 24 млрд сом жоготот

Кыргызстандыктар бажы кызматын эң коррупциялашкан орган деп эсептешет — Улуттук статистика комитети