«Деталдуу план жок». Акылбек Жапаров Улуттук суу стратегиясынын долбоору боюнча сын-пикир айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын долбоору жөнүндө сын-пикир айтты. Ал долбоордо «өлкөнүн суу ресурстарынын келечегине комплекстүү баа берилген эмес» деп билдирди.

Минкабдын маалыматына ылайык, 18-ноябрда Жапаров Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышты. Анда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы боюнча маалымат берди.

Жапаров долбоордо суу ресурстарын башкаруунун артыкчылыктуу багыттары жана гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр жаатында сунуштар жок экенин белгиледи.

«Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин түзүүдөн мурун, республиканын бардык жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөө жана эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча так милдет коюлган. Бир жыл өттү, эсепке алуу да, көзөмөл да жок. Иш-аракеттердин деталдуу планы керек, аракеттериңизди конкреттештириңиз. Стратегияны Айыл чарба министрлиги менен биргеликте толуктап иштеп чыгыңыздар», — деп Акылбек Жапаров министрге тапшырма берди.

Жапаров мурда сууну адам баласы керектөө үчүн гана пайдаланса, азыр ал экономикалык, социалдык өнүгүүнүн жана бирдиктүү экологиялык системаны сактоонун маанилүү фактору болуп саналарын белгиледи.

Ошондой эле төрага учурда суу чарба тармагы реформаланып жатканын жана бул үчүн эффективдүү чечимдер талап кылынарын кошумчалады.

Кыргызстандын 300гө чукул айылдарында таптакыр таза суу жок, дагы 600 айылда — суу түтүктөрү чукул арада оңдоп-түзөөгө муктаж. Эл аралык демөөрчүлөр таза суу менен камсыздоого эбегейсиз суммадагы акчаларды которушат: 2026-жылга чейин — дээрлик жарым миллион доллар, бирок акыркы эки жылда болгону 123 айылда таза суу чыгарылган.

Тема боюнча:

Сиз жашаган аймакта таза суу жокпу? «Ашар» долбоору жардамга келет