Өлкөгө казино ойногоо келген чет элдиктер үчүн визаны жоюу сунушталды

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанга казино ойноого келген чет элдик жарандарга өлкөдө 15 суткадан көп эмес убакыт визасыз жана каттоосуз жүрүүгө жол берген мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ 21-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Ал минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун Ысык-Көл облусундагы «Каракол» ЭЭКнын аймагында «Тамчы» атайын оюн-зоок зонасын түзүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыкканы белгиленет.

Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөлүктөр өлкөгө паспортун көрсөтүп кирип/чыга алышат. Андан башка документтер талап кылынбайт. Чек арадан өткөндөн кийин чет элдиктер дароо оюн-зоок зонасына багыт алышы керек. Министрлер кабинети муну жөнгө салган тартипти дагы кабыл алышы керек.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери атайын оюн-зоок зонасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү үчүн дагы жаза киргизүүнү көздөшөт: 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин штраф же эки жылга чейин эркинен ажыратуу.

Кумарканаларды ачуу

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Бийлик кол коюлган мыйзамдын максаты «инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү» болуп саналарын айткан.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары кумаркананын кардары боло албайт. Мыйзамга каршы тараптар буга ишене бербейт, себеби алар бийлик аталган талаптын аткарылышын камсыздай албайт деп эсептешет.

Экономика министри Данияр Амангелдиев 21-ноябрда парламенттин профилдик комитетинин жыйынында өлкө аймагында кумаркана ачуу үчүн азырынча эч ким лицензия ала электигин билдирген. Анын айтымында, лицензия алууга 3 арыз келип түшкөн. Ал азыркы тапта Санарип өнүктүрүү министрлиги менен оюн-зоок жайларына кыргызстандыктарды киргизбөөнүн системасы иштелип жатканын кошумчалаган. Аталган система кыргызстандыктардын жеке идентификациялык номуруна байланары белгиленет.

Жыйында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кумарканалар 2023-жылдан тартып ачыла башталат деп болжогон.