УКМК кыргыз жаранынын Украинадагы согушка катышуусу боюнча тергөө ишин баштады

УКМК кыргыз жараны Алмаз Кудабек уулунун видеосуна байланыштуу комментарий берди. Буга чейин интернет түйүнүндө Кудабек уулунун Украинанын куралдуу күчтөрүнүн курамындагы «Туран» түрк батальонунун командири экенин айткан видеосу пайда болгон.

УКМКдан Алмаз Кудабек уулу Кыргызстандын жараны экенин тастыкташты. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Украинага 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары кеткен.

Кудабек уулунун аскердик аракеттерге катышуусу боюнча «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү» беренеси менен тергөө иши башталды.

Ошондой эле комитет Алмаз Кудабек уулунун билдирүүлөрү «кыргыз бийлигинин расмий позициясына каршы келерин» кошумчалашты.

«Орусия менен Украинанын ортосундагы окуяда Кыргызстан бейтараптуулукту карманат», — деп билдиришти УКМКдан.

Мындан тышкары, мекеме башка өлкөнүн аймагында аскердик аракеттерге же куралдуу кагылыштарга катышуу үчүн жарандарды 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертишти. Ошол эле жосундар алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу жана уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

УКМК Алмаз Кудабек уулуна буга чейин эле кылмыш ишин козгогон болчу. Май айында атайын кызмат соцтүйүндөргө мониторинг жүргүзүүдө Украинанын аймагындагы аскердик аракеттер чагылдырылган аккаунтту көрүп, аккаунттун ээси Кудабек уулу экенин аныкташканын билдирген.

Аталган факт «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканы же террористтик акт жасоого даярдыгы» беренеси боюнча катталган.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов элчилик Кудабек уулуна Кыргызстанга акысыз эле чыгып кетүүнү сунуштап, бир нече жолу аскердик аракеттерге катышпоого үндөгөнүн айткан. Бирок элчинин айтымында, аталган жаран эвакуация башталганда Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Анда Кудабек уулу аймактык күзөт кызматында санитарларга жардам берип жүргөндүгү айтылган.

Тема боюнча:УКМК кыргыз жаранынын Украинадагы согушка катышканы боюнча кылмыш ишин козгоду