Бир цитата менен: Байсалов Темировдун өлкөдөн чыгарылганы боюнча «калп ыйлабоого» чакырды

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн депортацияланышы боюнча 24.kg’ге комментарий берди.

Анын айтымында, «депортация — журналистке карата колдонулган эң жеңил жаза». Ал Темировдон зыянды төлөп берүүнү да талап кыла алышмак деп эсептейт.

«Калп ыйлап кереги жок. “Бешинчи каналдагы”, КТРдеги сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдар тууралуу айтып, аларды чет элдик агент деп айыптаган ишин мен жакшы билем. Сөз эркиндиги эмне Темиров менен эле бүтүп калат бекен? Иликтөөлөрүн көргүлөчү, мен алардан өлкө өзгөрүп же жашай албай калгыдай бир нерсени көргөнүн эсимде жок. Сөз эркиндиги Болот Темировго чейин эле болгон, боло да берет», — деп билдирди ал.

Байсалов сот чечимне да комментарий бере албасын, себеби ал бийликтин башка бутагы эсептелерин белгиледи.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Темировду сот залынан күч менен чыгарып, унаага салып белгисиз тарапка алып кетишкен. Жактоочулар үч сааттан ашык Темировду издеп, айласы кеткенде Бишкектеги бардык абак жайларын кыдырып чыгышкан.

Кечке жуук адвокаттардын бир бөлүгү «Манас» аэропортуна жөнөшүп, Темиров ошол жерден табылган. Ал бир сааттан ашык милиция бөлүмүндө кармалып турган, бирок ага чейин укук коргоо органдары журналист ал жерде жоктугун айтып ишендиришкен эле.

Темировду ал жерден жарандык кийинчен алты киши чыгарып, бажы көзөмөлүнө алып кетишкен. Ал жактан Темировду Москвага депортация кылышкан.

Дагы окуңуз: Шаардык сот иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу чечимин кабыл алды

Болот Темировду Москвадан апасы менен туугандары тосуп алды