Болот Темировду Москвадан апасы менен туугандары тосуп алды

Өлкөдөн мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров учурда Москвада. Аны аэропорттон апасы жана жактоочулары тосуп алганын «Клоопко» Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы билдирди.

Тажибек кызы Темиров Москвага конору менен Федералдык коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кызматынын өкүлдөрү аны «кайда иштейсиң, эмне иш кыласың» деп суракка алганын айтты. Андан соң кызматкерлер Темировду аэропорттон коё беришкенин белгиледи.

«Ал [Болот Темиров] ачык эле “мен журналисттик иликтөөлөдү жасайм” деп жооп бериптир. Кызматкерлер “акчаны кайдан аласың” деп сураганда “Гранттарды алам” деп ачык эле айтыптыр, Болот коркутуудан эркиндикти өйдө көрөт эмеспи. Ал жерден чыгары менен апасы, туугандары тосуп алып, үйгө алып кетишиптир», — деди ал.

Темировдун жубайы «учурда баары жакшы, бирок кийинчерээк эмне болору табышмак» деп белгиледи. «Азыр бардыгы сыр бойдон калууда. Андай болуп кетет [өлкөдөн чыгарып жиберет] деп күткөн эмеспиз. Эми убакыт көрсөтөт. Себептерин баарыбыз билебиз, бирок кыргыз жаранын Кыргызстандан кууп салуу… Эми ага деле таң калбай калдык ко», — деди Тажибек кызы.

Ал эми Темировдун жактоочусу Батыр Ботобеков «Клоопко» шаардык соттун чечимин Жогорку сотко даттанууну көздөп жатканын кошумчалады.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык аразын караган.

Отурумда мамлекеттик айыптоочу сотко Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирип, сот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон. Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду.

Кыргызстандагы медиа коомчулук иликтөөчү журналисттин өлкөдөн чыгарылышын «ачык-айкын эле куугунтук» деп баалады. Ал эми Журналисттерди коргоо комитети журналистти өлкөдөн чыгууга мажбурлаган бийликтин аракетин сынга алып, Темировго жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон «куугунтукту тез арада токтотууну» талап кылды.

Тема боюнча:

Иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан учак менен алып кетишти