Орусияда куралчан кишилер Кыргызстандын жаранына ок чыгарып, 100 миң долларын тоноп кетишти

Видеодон скриншот

28-ноябрда Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык кишиге куралдуу кол салуу болуп, 100 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын уурдап кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.

Элчиликтен окуя Москванын Литва бульварында болгонун тастыктап, мекеме ишти көзөмөлдөп жатканын белгилешти.

Соцтармактарда тараган видеодо кол салгандар жабырлануучуга эки жолу ок чыгарганын көрүүгө болот. Бирок ал жарадар болгон эмес.

Ошондой эле «112» телеграм каналынын маалыматына караганда, кол салгандар сары түстөгү Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаа менен окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Элчилик алдын ала маалыматтарга караганда, кол салган адамдардын бири бүгүнкү күндө кармалганын билдирди.

Аталган факты боюнча жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

10-ноябрда Москванын Домодедово аэропортунда белгисиз адамдар Бишкектен учуп келген эки жүргүнчүнүн 4 млн доллар накталай акчасын уурдап кетишкен.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын укук коргоо органдарына таянып, куралдуу кол салуу алдын-ала пландалганын жана кимдир бирөө маалымат бергени тууралуу жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектен Домодедово аэропортуна конгон жүргүнчүлөрдүн 4 млн долларын уурдап кетишти