Өмүрбек Бакиров: Иш башкармалык эптеп бир кабинет берип, оозумду жапканы жатат

29-ноябрда бир катар ЖМК депутат Өмүрбек Бакировго Жогорку Кеңеште жаңы иш бөлмөсү берилгенин жазышты. Алар депутат жаңы кабинетке көчүүдөн баш тарканын да билдиришкен.

Өмүрбек Бакиров «Клоопко» маек куруп, 29-ноябрда ага Президенттин иш башкармалыгынын [буга чейин депутатты кабинетинен чыгарган орган] өкүлдөрү келип кечирим сурап, жаңы кабинетке көчүүнү суранышканын айтып берди.

«Мага кабинет беребиз деп айтып жатышат, бирок көрсөтүп беришкен жок. Бүгүн иш башкармалыктын биринчи орун басары келип “биз тараптан катачылык кетти, кечирсеңиз 637-кабинетти берели. Баары жабык боюнча калсын, ырбатпай эле койбойсузбу” деп суранышты. Бирок мен мыйзам чегинде кандай болсо, ошондой аягына чыгыш керек дедим [...] Азыр булар эптеп ушул кабинетти берип, оозумду жапканы жатышат», — деди Бакиров.

Өмүрбек Бакиров кабинет — экинчи орунда турган нерсе экенин белгиледи. Анын айтымында, «алгач Президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн аракетине мыйзамсыз чыгарып чалышканы үчүн юрикалык баа берүү керек, андан кийин кабинет маселеси чечилет».

«Депутаттын кол тийбестиги, депутаттын статусу [жөнүндө] мыйзамда так жазылып турат. Булар ошону бузуп кирип, кабинетиме тинтүү кылып, менин жеке сыр болгон буюмдарымды сыртка алып чыгып салганга эч кимдин укугу жок. Мына ушуга юридикалык баа берип, кылмыш ишин козгогула деп Башкы прокуратурага арыз жаздым. Анан тергөө тобу келип, кабинетимде эмне буюм-тайымдарым калганын аныктап, тергөө амалдарын жүргүзмөйүн, кабинетке буюмдарымды алып кире албайм да, чыга да албайм. Анткени тергөө тобунун ишине тоскоол болуп коём», — деди депутат.

Депутат «эгер Президенттин иш башкармалыгынын жоругуна юридикалык баа берилбей, Башкы прокуратура кылмыш ишин козголбосо, башка депутаттардын деле кабинеттерине кире беришет» деп эсептейт.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы

Бакиров 19-ноябрда президенттин иш башкарамалыгы Жогорку Кеңештин 7-кабтындагы иш кабинетин тартып алганын билдирген. Парламентарий өзү бул 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышканы менен байланыштуу деп болжогон. Анын айтымында, 18-ноябрда иш кабинетине өзүм билемдик менен кирип, буюм-тайым, техниканын баарын коридорго чыгарып салышкан.

Президенттин иш башкармалыгынын катында Бакиров «Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотушу» керектиги айтылган. Ошондой эле администрациядан Бакировго жакын арада «ылайыктуу» бөлмө таап берилет деп ишендиришкен.

Президенттин иш башкармачысы Каныбек Туманбаев депутатты башка кабинетке көчүрүү чечими үч фракция лидеринин атынан кат келгенден кийин кабыл алынган, эл өкүлүнүн кабинетине аталган үч фракция лидеринин бири кирет деп айткан.

Парламенттин бир катар депутаттары Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын — аткаруу бийлигинин Жогорку Кеңешке карата сыйлабас мамилеси деп эсептешет.

Парламенттин 23-ноябрдагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов Бакировду бөлмөсүнөн чыгаруу жөнүндөгү катка кол койгон президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы кызматтан алууну сунуштаган. Депутаттар Жалалидин Нурбаев жана Адахан Мадумаров да Бакировду колдогон пикирлерин айтышкан.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев маалымат алуу үчүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчисин жыйынга чакырууну тапшырган.

Бакиров менен Ташиевдин кайым айтышы

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын өзүнчө тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча маселе каралып жатканда депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен тартыша кетип, Ташиев депутатты трибунадан сөккөн.

Бакиров Ташиевге Кемпир-Абаддагы каналдын курулуш боюнча суроолорду берип, Керкидан суу сактагычы боюнча маселени чечүүдө «көп катачылыктар кеткенби» деп суроо узаткан. Бакиров менен Ташиев кайым айтышып, УКМКнын башчысы депутатка: «мен өткөндө эле айтканмын сизге ушул боюнча, жазып бериңиз дегенмин, арызыңызды жазыңыз, менин атыма» деген.

Андан соң Бакиров трибунага чыгып, сөз жеке ал тууралуу эмес, жер-суу жөнүндө болуп жатканын, ал эми «керек болсо мени бышырып жеңиз» деп айткан.

«Бышырып жегидей сиз эмне, кекиликсизби? Өзүң айтып жатпайсыңбы мени бышырып же деп. Ким сени бышырып жейм деп атат? [...] Эмнеге мени коркутасың? Эмнени убакыт көрсөтөт экен? Энеңди сигейин!» — деп сөзүн жыйынтыктаган Ташиев.

Андан кийин Бакиров Ташиев тарапка ылдый көздөй түшө баштаган. Анда анын жолун депутат Фархат Исмаилов тороп калган. Аларды курчап турган депутаттар арачалаган.

Кийинчерээк Бакиров Ташиев сөгүнгөнү менен «энелерди канчалык сыйларын көрсөттү» деп айткан.