Депутат Бакировду бөлмөсүнөн чыгарууга буйрук берген Элмира Үсөнованы иштен алуу сунушталды

Депутат Тазабек Икрамов кесиптеши Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылганына байлануштуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы иштен алууну сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Икрамов Бакировдун айланасындагы окуяны «Жогорку Кеңештин депутаттарын сыйлабастык» катары сыпаттады.

«Депутаттын статусу мыйзамда так жазылып турат. “Депутатка тийиштүү турак жай, кызматтык жай, жеке жана кызматтык трапспорту, ага байланыштуу бардык документтер текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт”. Биз мыйзам чегинен чыгып кеттик. Кат бердиби, күтүп туруш керек эле. [...] Талапты коёлу. Бул жерде депутатты сүйлөтпөй коюу, шайлоочуларды, кыргыз элин сүйлөтпөй коюу болуп саналат», — деди ал.

Дагы бир депутат Жалолидин Нурбаев парламент төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге кайрылып, маселени тез арада чечип берүүнү өтүндү.

«Биз жаңы келгенде алтынчы чакырылыштын депутаттары, ар ким өзүнүн бөлмөсүндө кала берсин, калгандарына бөлүштүрүлөт делген. Бөлмөнүн оңдоп-түзөө иштерин өздөрү кылган экен. Ушуну тактап, бүгүн чечип берип койбосоңор, уят», — деди Нурбаев.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин депутатынын бөлмөсүнө кирмек турсун, ачууга эч кимдин акысы жок экенин белгиледи. Ал вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге «Жогорку Кеңеш кимдин карамагында» деп суроо узатты.

«Биз кесиптешибиздин кадыр баркын, конституциялык макамын ушул жерден коргой албай турган болсок, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз? Кайсыл бир иш башкармалыктын орун басары келип депутаттын иш бөлмөсүнөн чыгарып койгонду башка мамлекеттер укса деле шылдың болдук», — деди Мадумаров.

Сыдыгалиев Жогорку Кеңеш Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында экенин айтты. Ал маалымат алуу үчүн президенттин иш башкармалыгынын жетекчилигин жыйынга чакырууну тапшырды.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Кемпир-Абад боюнча маселе каралып жатканда депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен тартыша кеткен. Аны Ташиев трибунадан «энеңди сигейин» деп сөккөн.

Жыйын бүткөн соң Бакиров Ташиевдин парламент жыйынында сөгүнгөнү боюнча пикирин билдирип, «аял кишини, энени [кандай] сыйлаганын көрсөтүп койду» деп айткан.

Эртеси күнү Бакировдун Ак үйдөгү иш бөлмөсүнөн чыгарылганы белгилүү болгон. Соцтүйүндө президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Элмира Үсөнованын колу коюлган кат жарыяланган. Анда «Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотуу» өтүнүчү жазылган.

Бакиров ал аталган бөлмөдө 6-чакырылыштан бери отурганын жана президенттин иш башкармалыгынын чечими түшүнүксүз болуп жатканын айткан.

Тема боюнча: «Энеңди сигейин». УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Өмүрбек Бакировду сөктү

Ташиев менен айтыша кеткен Өмүрбек Бакиров Ак үйдөгү бөлмөсүнөн чыгарылды