Соцфонд пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууну сунуштады

Социалдык фонддун башчысы Бахтияр Алиев Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып жарандар үчүн пенсиясы мөөнөтүөн мурда чыгуу мүмкүнчүлүгөн баш тартууну сунуштады. Мындан тышкары, Министрлер кабинети президенттин пенсияны жашоо минимумуна чейин жеткирүү убадасы аткарылгыс экенин жазында эле билгени маалым болду.

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде эл өкүлдөрү Соцфонд сунуштап жаткан пенсиялык камсыздоонун жаңы «радикалдык реформасын» талкуулашты.

Депутат Султанбай Айжигитов Соцфонддун башчысы Бахтияр Алиевден кайсыл радикалдык чаралар тууралуу сөз болуп жатканын сурады. Алиев Соцфонд пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгууга жол берген мүмкүнчүлүктөн баш тартууну сунуштап жатат деп жооп берди.

«Негизгиси — мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну алып салууну сунуштап жатабыз. Эгер жыл сайын пенсияга 40 миң адам чыкса, алардын ичинен 20 миңи — иш стажы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккандар. Бизде жаш курагы боюнча пенсиялар 58 жана 63 жаш деп белгиленген. Тагыраагы, биз [пенсияга] жаш курагына байланыштуу чыгууну [сунуштап жатабыз]», — деп билдирди Алиев бул аскерлерге тийиштүү болбосун, катардагы жарандарга гана тиешелүү болорун кошумчалап.

Айжигитов буга Соцфонд «пенсиялык системаны кандай түзүү керектигине байланыштуу эч бир жолду көрсөтө албай жатат» деп жооп берди.

«Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну жок кылабыз дегениңер — бул кенедей эле нерсе. Буга дагы жыл сайын пенсионерлер кошулат, ал эми иштегендер жок. Кантип радикалдуу? Радикалдуу деп калктын иш орду менен камсыз болуусу өскөнүн айтат. Бул деген маяналар жогорулап, экономика өсүп, калктын кирешеси жогорулаганда гана радикалдуу деп айтылат. Азыр айтып жатканыңар — бул баланын эле оюнундай. Баардык жерде адам укугун кысып жатасыңар. Анткени ал мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыкканга укугу бар», — деп билдирди Айжигитов.

Талкууга минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кошулуп, «өлкө жетекчилиги жумуш орундарын түзүүнү негизги максат деп ташырма кылып берип жатканын» билдирди.«Бул жерде юридиалык жактарды, чакан, орто жана ири бизнести дагы камтуу үчүн чоң потенциал бар», — деп билдирди ал.

Депутат Байсаловго минкаб өлкө жетекчилиги койгон тапшырмаларды чечүү үчүн механизмдерди жакшы түшүнбөй жатат деп жооп берди.

«Бул жакшы төлөнгөн жумуш орду болгудай кылып иш орундарын кантип көбөйтүү керек? 5-7 миң сом айлык төлөнгөн жумуш орундары деле бар, бирок ал жакка эч ким барып иштеген жок, пенсионерлер дагы барган жок», — деп ачууланды Айжигитов.

Пенсионерлер алдандыбы?

Мындан тышкары, жыйында Министрлер кабинети 2023-жылы пенсияларды жашоо минимумуна чейин жеткире албасын жазында эле билгени маалым болду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев айтты.

«Каражат жок, аны так түшүнүп турам. Бирок Конституцияны жазганда, элди референдумга чакырганда бир топ эле жолу айтылган да, 2023-жылдан баштап пенсиялар, жөлөк пулдар жана башка социалдык төлөмдөр жашоо мнимумунан аз болбойт деп. Бирок ушинтип жазардан мурда ойлонуш керек эле да. Азыр эмне кылабыз? Пенсионерлерди алдап койдукпу же кандай кылабыз?» — деп суроо салды Бекешев.

Байсалов мартта минкаб көп убакыт бою, анын ичинде парламентте да талкуулап жатып «антикризисттик планды» иштеп чыкканын айтты. Бирок бийликтин аракетине карабастан план ишке ашпай калган.

«Дүрбөтпөйлүк, анан күзүндө көрөбүз деген болгонбуз. Сиздин айтканыңыз чын, Дастан Далабаевич. Бирок салыштырмалуу түрдө албетте кыйла жогорулады», — деди Байсалов.

«Мен түшүнүп жатам. Эми эмне кылабыз? [Абалдан] чыгуунун жолу кандай? Же Конституцияга өзгөртүүлөр керек, же [Cоциалдык фонддун] бюджет жөнүндөгү мыйзамды азыр бекитсек, мыйзам Конституциядан төмөн [...] А биз пенсионерлерге: “Пенсияңар жашоо минимумунан төмөн болбойт” деп айттык да. Эми кандай болот? Баарыбыз алдамчы болдукпу ошондо?» — деп суроо салды Бекешев.

Ал эми соцфонддун башчысы Бахтияр Алиев кийнки 2023-жылга ведомствонун бюджетинде 1 млрд 480 млн сом каралып жатат деп жооп берди. Анын айтымында, 10 миң жаран 2 миң сомго чейин пенсия алат, дээрлик 4 миң адам — 2 миңден 3 миң сомго чейин пенсия алат.

«Быйыл 1-октябрда бюджеттеги жана Социалдык фонддогу болгон акчаны колдонуп [пенсияны] көтөрдүк. Ошентип пенсияны орточо 33%га жогорулаттык. Азыр кийинки жылдын эсебинен кандай болорун караштырып жатабыз», — деди Алиев.

Бекешев аны «жөн эле ойдон чыгара бербей, акча жок» деп эле чын айтууну суранды.

Бул жерден сөзгө Байсалов аралашып, депутатка өлкөдө пенсия эмнеден түзүлөрүн түшүндүрүп берүүнү чечти.

«Биз пенсия деп эмнени аташыбыз керек? Азыркы тапта пенсия деп жеке секторду, уюмду атасак болот […] Биздин айрым кесиптештерибиз эгер адам улгайганы боюнча пенсияга чыкса, аны жөлөк пул деп атын өзгөртүүнү сунуштап жатышат», — деди ал.

Тема боюнча: Экономика министри: Минкабдын антикризистик планына 126 млрд сом керектелет

Соцфонд: 10-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулайт