Сурабалдиева зомбулук учурлары көбөйгөндүктөн ЖКга укук коргоо органдарын чакырууну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өлкөдө аялдар менен кыздарга карата зордук-зомбулук учурлары өскөнүн талкуулоо үчүн парламентке бардык укук коргоо органдарын чакырууну талап кылды. Бул тууралуу ал 7-сентбярда парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Башкы прокуратуранын зомбулук фатылары боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу статистикасын келтирди.

«2019-жылы зордук-зомбулук боюнча 278 иш козголсо, сотко анын 38%ы эле жеткен. 2020-жылы 673 иш козголсо, анын болгону 16%ы эле сотко жетиптир. 2021-жылы 640 иш козголуптур, сотко 21% эле жетиптир. Ошондо зордук-зомбулукка дуушар болгон адамдардын баары кайрылбайт да. Кайрылгандардын 95%ы бойго жете элек балдар менен аялдар», — деп билдирди ал.

Сурабалдиева кылмыш иши козголгондон кийин жабыркагандарды коркутушарын, алар тосмо арыз жазып, иш кыскартылып кетерин дагы белгиледи.

«Протоколдук тапшырма берип, кийинки жумага, көзөмөл органы, Башкы прокуратураны чакырыңыздар. Укук коргоо органдарынын баары келсин, Ички иштер министрлиги келсин. Бул маселе боюнча парламент реакция кылбасак, мындан ары бул деген өзүнүн мамлекетине, өз элине, калкына болгон геноцид [болот]. “Фемицид” деген сөздү жактырбайт биздин коллегалар, “геноцид” деген сөзгө анда көнө баштайлы да», — деди эл өкүлү.

Сурабалдиева Баткен облусунда киши колдуу болгон кажамжайлык 14 жашар кыздын окуясын утурлай билдирүү жасады. Кыздын сөөгү 4-сентябрда Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден табылган.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Милиция аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Тергөө уланууда. 14 жашар секелектин окуясына байланыштуу президент Садыр Жапаров дагы реакция кылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Ал кыргыз эли «байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган» деп белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы иш жеке көзөмөлүнө алынганын билдирип, укук коргоо орган кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы