Издөөдөгү Сапар Исаков Оштун экс-мэринин уулуна өкүл ата болду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Оштун экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин уулуна өкүл ата болду. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып Kaktus.media жазды.

Сүрөт: Kaktus.media

Басылманын маалыматына ылайык, үйпөт той өткөн жумада Бишкектеги кымбат ресторандардын биринде өткөн.

«Тойго Исаков өзү келген жок, бирок аялы жаш жубайларга нике шакегин тапшырды. Кадырбаевдин уулу мурдагы элчи Ибрагим Жунусовдун жээнине үйлөнгөн», — деп айтып берген басылманын өздүк булагы.

Kaktus.media’нын өздүк булагы тойго көптөгөн кыргыз саясатчылары да келгенин айтып берген: (ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары) Курсан Асанов, (Жогорку Кеңештин экс-төрагасы) Ахматбек Келдибеков, (мурдагы биринчи айым) Раиса Атамбаева, (Жогорку Кеңештин депутаты) Алишер Козуев, (Жогорку Кеңештин экс-депутаты) Аалы Карашев, (мурдагы саламаттык сактоо министри) Таланбек Батыралиев, (Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы директору) Сабырбек Жумабеков жана («Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти) Аскар Салымбеков.

Сапар Исаков деген ким?

Сапар Исаков 2017-2018-жылдары премьер-министр болгон. 2019-жылы Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча 15 жылга соттолгон.

Кийинчерээк Исаковго тарых музейди жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоодогу коррупция боюнча айып тагылган. Жалпысынан ал 18 жылга эркинен ажыратылган.Исаков 2020-жылы 6-октбярга карган түнү колониядан бошотулган. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылар Ак үйдү басып алып, андан кийин саясатчыларды колония жана ТИЗОдон бошотуп чыга башташкан.

Колониядан чыккандан кийин Исаков түзөтүү жайына кайра кайтып келген эмес — Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2020-жылдын 13-октябры — мурдагы өкмөт башчысы Исаков үчүн абакка кайтып келүүнүн акыркы күнү экенин билдирген. Исаков кайтып келбегендиктен «абактан качуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын 26-октябрында ЖАМК Исаковго эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Исаков кайда экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.